Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жаштарга арналган диний-билим берүү программасын жарыялады. Программа алкагында бардык облустарда жана Бишкек шаарында акысыз сабактар өткөрүлөт.
Сабактарда намаз, Куран окуу, акыйда жана ислам тарыхы боюнча теориялык жана практикалык билим берилет.