Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Ыйык Рамазан айын тосуп алуу максатында бир катар иш-чаралар уюштурду. Иш-чаралар алкагында мечиттерде Куран окуу жарышы, жамаат ифтарлары жана диний лекциялар өткөрүлөт.
Азирети Муфтий бардык мусулмандарды бул ыйык айды маанилүү өткөрүүгө чакырды.